Аба ырайы: күн ачык болот

28-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 21…26, күндүз 33…38;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 24…26°, күндүз 36…38° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы 16…18°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 26-июнда күндүз 22,5°, 27-июнда эртең менен 19,2° түздү.

Дагы караңыз

Өкмөт телефондорду эмне үчүн каттайт?Депутат Кадырбеков футбол чемпионатында кумар оюнун жарнама кылбоону талап кылды"Системага жат киши". Улуттук банкты Мелис Тургунбаев жетектейтОрусияда мигрант эне абакка, наристеси балдар үйүнө түштүТажикстанда бүбү-бакшылар камалат