"Ататүрк - 2": Бишкек шаарынын депутаттары кантип жер алган?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бул иликтөөдө Бишкек шаарынын 30дан ашуун депутаты, аткаминерлери “Аламүдүн” суусунун жээгин кантип ич ара бөлүп алганын айтып беребиз. Бекер жер алган адамдардын арасында Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров, мурдагы билим берүү министри Болотбек Купешов, парламенттин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдырасаков, мурдагы ректорлор Төлөбек Камчыбеков, Жумабек Тентиев дагы бар. Материалда өзүлөрүнө жер чыгарып алган 30дан ашуун адамдын тизмесин да жарыялайбыз.