Салык кызматынын башчысынын орун басарлыгына Дубанаевдин ордуна Нургүл Салиева келди

Нургүл Салиева

Салык кызматынынын төрагасынын орун басары кызматына Нургүл Салиева дайындалды. Ал өткөн жумада жемкорлукка шек саналып кармалган Адилет Дубанаевдин ордуна келди. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгону 25-июнда кабарланды.

Нургүл Салиева буга чейин Салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Адилет Дубанаев кармалганы тууралуу 21-июнда маалымат тараткан. Ал “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда ири өлчөмдө жемкорлукка жол бергени айтылган.

Дубанаевдин адвокаты жана жакындары комментарий бере элек. (SE)

Дагы караңыз

"Сел - тоолордогу өзгөрүүнүн белгиси"Ысык-Көлдүн бийлиги лаванда талаасы боюнча ишкердин кайрылуусуна жооп берди Орусия үч аймагы чабуулга кабылганын билдирди