Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Орусия үч аймагы чабуулга кабылганын билдирди


Белгород облусу.
Белгород облусу.

Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги айрым аймактары дрон чабуулуна кабылганын билдирүүдө. 25-июнда Воронеж, Белгород жана Курск облустары бутага алынганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдап, Украинаны айыпташты.

Воронеж облусунун башчысы Александр Гусевдин айтымында, Ольховатский районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды, район аймагына кирип-чыгууга убактылуу чектөө киргизилди, ал жерде «жарылуучу объектилер детонация болду», адамдар арасында жабыркагандар жок. Түндө Гусев облус аймагында украин аскерлери учурган эки дрон токтотулганын жазган.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы орус армиясынын «курал-жарак сакталуучу көчмө курамы» жок кылынганын маалымдады. Мекеме «Түндө снаряд сакталуучу жалпы аянты 3500 чарчы метрлик жерде детонация болуп, өрт чыкты» деп кабарлады.

Белгород облусунда бир аял каза болгонун, ал жашаган үй кыйраганын аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Түндө ал облус аймагы дрон чабуулуна кабылып жатканын, бир нече киши жараат алганын, көп кабат үйлөр, бир автосалон, дүкөндөр жана машиналар талкаланганын жазган.

Орусиянын Коргоо министрлиги жалпысынан өткөн түнү 30 согуштук дронду токтотуп калышканын маалымдады.

Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов Суджа шаары аткыланып, натыйжада бир аял жараат алганын билдирди. Облус башчысынын айтымында, дагы бир жергиликтүү тургун жүрөгү кармап, ооруканага жеткирилди, үч үйдө өрт чыкты.

Орусиянын Украина менен чектеш аймактары Москва 2022-жылы толук масштабдуу согуш ачкандан кийин түрдүү соккуларга кабыла баштады, мындай чабуулдар соңку кезде көбөйүүдө. Украина президенти Владимир Зеленский 22-июндун кечиндеги теле кайрылуусунда Батыштагы өнөктөштөргө Украинанын абадан коргонуу системасын бекемдөөгө көмөктөшүү өтүнүчүн дагы бир жолу кайталап, Орусиянын согуштук учактарын «кайсыл жактан учурулуп жатса, ошол жерден жок кылууга» мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG