Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунда "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик уюмуна мүчө деп шек саналгандардын үйлөрүн тинтүүгө алды.
25-июнда таратылган расмий кабарга ылайык, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында, Баткен жана Кадамжай райондорунун тургундарынын үйлөрүндө тинтүү уюштурулган. Жыйынтыгында топтун лидери жана тогуз мүчөсү кармалганы айтылат маалыматта. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде шек саналууда.
Ошондой эле УКМК Баткен облусундагы түшүндүрүү иштеринин алкагында 12 адам "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлүгүнөн баш тартканын кошумчалады.
УКМК менен милиция аталган уюмдун мүчөлөрүнө каршы күрөш жана кармалгандар тууралуу акыркы кездери байма-бай маалымат таратууда.
Кыргызстанда "Йакын-Инкар" диний кыймылы 2017-жылы соттун чечими менен экстремисттик уюм деп таанылган жана ишмердигине тыюу салынган. (SE)
Дагы караңыз
Насыялар эмнеге арзандабайт? "Сел - тоолордогу өзгөрүүнүн белгиси"Бишкек Израил менен Ливандагы кыргыз жарандарын этият болууга чакырды