Талантаалы Бакчиев "Манас" академиясынын жетекчилигинен кетти

Талантаалы Бакчиев.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын жетекчиси Талантаалы Бакчиев ээлеген кызматынан бошотулду. Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 22-июнда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

"Азаттык" Бакчиевдин өзүнө байланышканда, бул маалыматтан кабары жок экенин билдирди.

Манасчы, "Манас" эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти болуп 2021-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин академияны коомдук ишмер, маркум Топчубек Тургуналиев жетектеп келген.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы мамлекеттик академиясы кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө үчүн түзүлгөн. (МZh)

Дагы караңыз

Киевде журналистти атууга казак үлкөндөрү буйрук бергенби?АКШ Вашингтон жана Нью-Йорктогу Орусиянын виза борборлорун жабат Кой-Таш окуясы: Алга Кылычов 10 жылга кесилдиУкраинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык орус армиясы менен жаңы келишим түздү