Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Калкты каттоо департаментинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган райондук бөлүмдүн жетекчиси Т.Р.М. Кыргызстандын паспортун берип, кыргыз жарандыгын алууга көмөктөшүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылган факты аныкталган.

Анын негизинде Коопсуздук кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө («опузалап пара талап кылуу») ылайык кылмыш ишин козгогон. Иштин алкагында Т.Р.М. 750 доллар алып жаткан жеринен кармалды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чараларын жүргүзүп жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Кой-Таш окуясы: Алга Кылычов 10 жылга кесилдиОрусия Украинанын энергетика тармагына дагы чабуул койдуЭки мамлекет түзүлүп, Газада кан төгүү токтойбу?"Кулдай иштешкен". Мыйзамсыз миграциянын көрүнбөгөн көйгөйү