Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Орусия Украинанын энергетика тармагына дагы чабуул койду


Иллюстрациялык согуш.
Иллюстрациялык согуш.

22-июнга караган түндө Орусиянын аскерлери Украинанын энергетикалык системасына масштабдуу чабуул койду.

Укрэнерго ишканасы маалымдагандай, түнү менен абадан айгай салынып, эскертүү берилип турду. Мындай масштабдуу чабуул акыркы үч айда сегизинчи болуп жатат. Маалыматка ылайык, Орусиянын чабуулунан Запорожье жана Львов облустарындагы электр өткөрүү системалары жабыркады.

Запорожьеде эки энергетик жабыркаганы кабарлады. Запорожье жана Львов облустарынын бийликтери ракета чабуулунан энерготүзүмдөрү жабыркап, өрт чыкканын маалымдашты.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын чабуулуна Ивано-Франков облусу да кабылганын маалымдады. Соккудан улам окуу жайдын аймагында 20 метр аянтча оюлуп, өрт чыккан.

Ивано-Франковдун мэри Руслан Марцинкив шаарда үйлөр жабыркап, бала бакчанын терезесинин айнеги күбүлүп түшкөнүн тактады. Жабыркагандар жок.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү түндө Орусия тараптан 16 түрдүү ракета жана 13 дрон менен чабуул жасалган. Бардык дрондор жана 12 ракета атып түшүрүлгөн.

Москва чабуулдар боюнча комментарий берген жок.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Ошондон бери эки тарап бири-биринин инфратүзүмдөрүн, эл жашаган аймактарын бутага алган учурлар аз эмес.

XS
SM
MD
LG