Жайыл: Алты баланын өмүрү кыйылган окуянын чоо-жайы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды. Каргашалуу окуя Жайыл районундагы Алтын айылында болгон. Милициянын маалыматына караганда, айдоочу мас болуп машине айдап баратып, сууга түшүп кеткен. Кырсыкта айдоочу, анын аялы жана кайын эжеси, эки бала аман калып, калганы көлмөгө чөгүп кеткен.