Жапония борбор азиялык компанияларга Орусия менен байланышы үчүн санкция салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жапониянын Тышкы иштер министрлиги 50дөн ашуун компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салганын билдирди. Арасында Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Бириккен Араб Эмираттарынын ишканалары бар.

Андан тышкары Орусиянын 11 жараны жана бир катар компаниялары да "кара тизмеге" илинди. Алардын арасында "Уралвагонзаводдун" башчысы, "Тактическое ракетное вооружение" корпорациясынын президенти, Украинанын Запорожье облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн министри да бар.

Казакстанда каттоодо турган Elem Group ишканасы, Өзбекстанда катталган Mvizion компаниясына да чектөөлөр киргизилди. Маалыматка караганда, бул ишканалар Орусияга санкцияларды айланып өтүп электроника сатып алууга көмөктөшүп жатат.

Британия өткөн аптада Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип, Украинадагы согуштук аракеттерди каржылоого көмөктөшүүдө деген жүйө менен бир катар компанияларга санкция салган. Алардын катарында Кыргызстанда каттоодо турган ишкана да аталган. Өткөн аптада Вашингтон да кыргызстандык эки компанияга "Орусия менен активдүү кызматташканы" үчүн санкция салган.

Андан мурда да АКШ кыргызстандык бир канча компанияны "кара тизмеге" киргизгени белгилүү.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкциялардын талабын сактоого даяр экенин айткан.

Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Дагы караңыз

Тажикстан президенти "улут маданиятына жат кийимге тыюу салган" мыйзамына кол койдуӨндүрүш Токтонасыровдун 100 миң сом айып пулуна элден акча чогулдуОрус - украин согушу: Дагы үч кыргыз компаниясы санкцияга илинди