Бишкекте пластикалык операциядан кийин көз жумган келин

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте пластикалык операциядан кийин абалы оорлошуп, көз жумганы айтылган келиндин өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү дээрлик 1,5 жылдан бери уланууда. Маркумдун жакындары дарыгерлер менен соттошууда. Медициналык клиника операция үчүн бардык зарыл талаптар аткарылганын "Азаттыкка" билдирди. Экспертиза "операцияда айрым катачылыктар кеткен, операциянын алдында жетиштүү анализдер алынган эмес" деген корутунду чыгарган. Пластикалык хирургдар биринчи экспертизанын корутундусуна макул болбой, кайрадан текшерүүнү талап кылышкандыктан соттук териштирүү токтоп турат.