Ноокен: Селден өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, 300 үйдүн тургундары эвакуацияланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

17-июндун кечинде Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрдү. Эски Кочкор-Ата айылында 10 жаштагы өспүрүмдү сел агызып, каза тапты. Эки айылда 300 үйдүн тургундары эвакуацияланды.