Бишкекте өзгөчө бала тууралуу тасма көрсөтүлдү

Урмат Ибраим уулу тууралуу тасманын жабык көрсөтүүсү.

Бишкекте "Балким бир күн сурармын" аттуу даректүү тасманын жабык көрсөтүүсү өттү. Тасмада аутизмден жабыркаган 16 жаштагы Урмат Ибраим уулунун өзгөчө жашоосу, таланты жана жакын адамдарынын ага болгон сүйүүсү менен мамилеси баяндалган. Фильмге сүрөтчү-дизайнер Гүлжан Иреш режиссерлук кылган.

Тасма жаратуучулар алдыда бул эмгек англис тилине которулуп, эл аралык кинофестивалдарга да катышат дешүүдө.

Жарым саатка созулган фильмдин жабык көрсөтүүсүнө Урматтын жакындары, бир катар коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Иш-чарада ошондой эле Урмат тууралуу жазылган “Өзгөчө бөбөгүм” жана “Аутизм менен жашоо” атуу китептердин көргөзмөсү уюштурулду.

Аутизми бар Урмат Ибраим уулу тууралуу тасма.

Аутизм – адамдын жүрүм-турум, башкалар менен мамиле куруудагы өзгөчө абалы. Аутизми бар адамдар дүйнөнү башкача кабылдайт. Алар башка адамдар менен маиле түзүүдө, оюн айтууда кадимки кишилердей боло албайт. Ошондой эле кызыккан нерселери да чектелүү болот.

Расмий маалыматтарда Кыргызстанда 630 бала аутизмден жабыркайт деп айтылат. Бул жалпы майыптыгы бар балдардын 1% ашууну.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматында Кыргызстанда 20 миңден ашык бала аутизмге чалдыккан.

Кыргызстанда аутизмди дарылоого мүмкүн эместиги, анын ордуна балага узак жана түйшүктүү сессиялар керек экени таанылган.

Аутист балдар иш жүзүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, алар үчүн атайын даярдоо класстары жок. Жалпы билим берүүчү мектепке албайт. Ата-энелер түзгөн саналуу фонддор, коомдук бирикмелер аутист балдарды окутуу, кулк-мүнөз терапиясын ишке ашырып келет. Бирок мындай борборлор өтө аз. (MZh)

Дагы караңыз

Жер кодексинин жаңы редакциясын парламенттин эки комитети биринчи окууда жактырды"Баасы 4,7 млрд доллар". Парламент темир жол макулдашуусун колдодуЖурналист Болот Темиров прокуратуранын билдирүүсүнө жооп кайтарды Прокурор Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесүүнү сурадыЖарандык авиация агенттиги: “Ош” аэропорту беш жылга чейин жылдырылбайт