Москванын Дорогомилово райондук соту орус аскерлеринин Украинадагы кылмыштары тууралуу иликтөө жүргүзгөн орусиялык эки журналистти эки айга камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн 17-июнда ТАСС агенттиги билдирди.
«Важные истории» интернет-басылмасынын мурдагы кызматкери, «Дождь» телеканалынын кабарчысы Екатерина Фоминага жана «Важные историинин» башкы редактору Роман Анинге ушул эле күнү Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө жарыялады.
Фоминага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин орус армиясы тууралуу коомчулукка атайылап жалган маалымат (фейк) таратуу жөнүндөгү беренесинин негизинде иш козголгонун быйыл январь айында айрым маалымат каражаттары жазышкан.
Ал орус аскерлеринин 2022-жылдын жазында Киев облусунун Андреевка айылындагы кылмыштары тууралуу иликтөө жасап, жергиликтүү тургунду өлтүргөнүн айтып берген Даниил Фролкин аттуу орусиялык аскер кызматкеринен интервью алган. Быйыл март айында Фролкин фейк маалымат тууралуу берененин негизинде шарттуу түрдө 5,5 жылга соттолду.
Ал эми Роман Анин ага кандай негизде иш козголгонун билбей турганын айтты.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Март айында бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде орус аскерлеринин Украинанын аймагындагы кылмыштары тууралуу жазгандарды, согушту токтотууга чакыргандарды жазалоого мүмкүнчүлүк берүүчү «фейктер» жана «дискредитация» (жаманатты кылуу) тууралуу беренелер пайда болгон.
2023-жылы Орусиянын сотторунда армияны жаманатты кылуу тууралуу 2870 административдик иш каралган, жалпысынан согуш башталгандан бери мындай иштердин саны 8386ге жеткенин «Сибирь.Реалии» быйыл март айында жазган. (RK)
Дагы караңыз
Москвада 30дай тажикстандык аэропортто кармалып турат АКШнын аскер кызматкери орусиялык аялга кол салбаганын сотто айтты Путин эки күндүк сапар менен Түндүк Кореяга баратУкраина Орусия чабуулун күчөткөнүн билдирди