Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

Путин эки күндүк сапар менен Түндүк Кореяга барат


Владимир Путин жана Ким Чен Ын. 2023-жылдын сентябры.
Владимир Путин жана Ким Чен Ын. 2023-жылдын сентябры.

Орусия президенти Владимир Путин 18-19-июнда эки күндүк мамлекеттик сапар менен Түндүк Кореяда болорун Кремль билдирди. 17-июнда жарыяланган маалыматка караганда, сапар Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Эки жетекчинин сүйлөшүүлөрүндө негизги маселе аскердик кызматташтык тууралуу болот.

АКШнын жана Түштүк Кореянын расмий адамдары Пхеньянды Орусиядан заманбап аскердик технология жана жардам алыш үчүн Москвага Украинадагы согушуна колдоо көрсөтүп, артиллерия, ракета жана аскердик техника жөнөтүп жатканы үчүн айыпташкан.

Түндүк Кореянын Орусияга курал-жарак берүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын талаптарын бузуу деп эсептелет. Ошондуктан Пхеньян да, Москва да андай жардам ыктымалдыгын четке кагып келишет.

Акыркы жолу Путин Пхеньянда 2000-жылы, өлкөнү азыркы башчынын атасы Ким Чен Ир жетектеп турганда болгон.

Ким Чен Ын 2023-жылдын 12-17-сентябрында Орусияга барып, Комсомольск-на-Амуредеги “Восточный” космодромунда, Приморьедеги Кневичи аэродромунда жана Владивостокто болгон.

Путин менен Ким Чен Ындын алгачкы жолугушуусу 2019-жылы Владивостокто өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG