Ошто Бабур атындагы өзбек музыкалуу драма театры Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Жусуп” спектаклин элге тартуулады.
Кыргыз мамлекетинин алгачкы жетекчилеринин бири, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолуна арналган алгачкы даректүү спектакль жаңы жылдыздарды элге алып чыкты.
Өткөн жумада коюлган спектаклде башкы ролду ойногон 20 жаштагы Музаффар Бахтияров маданият чөйрөсүндө “Бабур театрынын жаңы жылдызы” катары сыпатталууда.
“Жусуп Абдрахманов сыяктуу мамлекеттик ишмерлердин атын угуп, сүрөтүн көрүп жүргөнүм менен, чынында ал киши жөнүндө толук маалыматым жок эле. Тарыхына кызыгып, окуп көрбөптүрмүн. Бул менин кемчилигим. Бактыма жараша мага ал кишинин образын чагылдыруу насип кылды. Мунун шылтоосунда тарыхты да билдим. Жусуп Абдрахмановдун образын чагылдыруу оңой болгон жок. Чоң жоопкерчилик экен”, - деди ал “Азаттыктын” кабарчысына.
Театрдагы айлыгы аз болгондуктан, бош убактысында такси айдап, той кызматтарына чыгып жүргөн Музаффар “Жусуп” спектаклине даярдык маалында бардык ишин таштаганга туура келгенин айтып берди:
“Башкы роль болгондуктан, жаттай турган сөздөрүм да көп эле. Анүстүнө, спектакль бир айга жетпеген аралыкта элге тартууланууга тийиш болчу. Адатта биз спектаклдерге бери дегенде эки ай даярдык көрөбүз. Мунусунда режиссер да Бишкектен келгендиктен, тез жана сапаттуу даярданганга туура келди. Эгер ишиңиз өзүңүзгө жакса, бардык нерсенин айласын табат экенсиз. Режиссер байкенин “келечекте сени эч ким жакшы таксист деп эстебейт, мына ушул Жусуптун ролу менен эсте каласың” деген сөзү да мага дем берди”.
Чыгарманын автору – Нуркыз Рыскул кызы. Аны режиссер, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров сахналаштырды:
“Бул спекталди коюу үчүн Бабур театрынын жамааты атайын мени чакырды. Жусуп Абдрахманов тууралуу спектакль Кыргызстандагы театр сахнасында алгач ирет коюлуп жатат. Бабур театрынын артисттери менен иштешүү кыйын болгон жок. Алардын баары ийкемдүү, режиссердун каалоосун айттырбай түшүнгөн таланттуу өнөрпоздор экен. Актер-актрисалардын баары ырдай алышат, баары музыкалык аспаптарда ойной алышат. Музыкалык театр болгондуктан, алардын улуттук “Маком” ансамбли спекталге өзгөчө көрк кошту”.
Спектакль дароо үч тилде – өзбек, кыргыз жана орус тилдеринде тартууланды.
“Жусуп Абдрахмановдун жубайы – Гүлбахрамдын ролун кыргыз кызы ойноду. Жусуптун ролун өзбек жигит аткарды. Экөөнүн диалогдору кыргызча эле берилди. Башка учурларда артисттер өзбек тилинде эле сүйлөштү. Жусуп Абдрахманов Маяковский менен, анын тегерегиндеги өнөр адамдары менен байланышта болгонуна байланыштуу Анна Ахматованын, Маяковскийдин образдарын орус тилинде эле бердик”, - деди режиссер.
Ошондой эле спектаклде артисттер кыргыз жана өзбек ырчыларынын заманбап эстрада ырларын тарыхка айкалыштырып ырдашты. Бул тууралуу театрдын көркөм жетекчиси Хаётхан Мадрахимова айтып берди:
“Спекталди 20 күндө даярдадык. Мирбек Атабековдун, Насиба Абдуллаеванын, Шухрат Каюмовдун жана кытайлык кыргыздардын ырларын чыгармага ылайыктап аткардык. Мисалы, Жусуп Абдрахманов Сталинден келген катты досторуна окуп, “Биз эми өзүнчө Кара кыргыз автоном облусу болдук” деп сүйүнгөн учурда Мирбек Атабековдун “Из калтыр” деген ырын ырдадык. Себеби, аябай ошол сахнага ылайыктуу сөздөрү бар. Түрмөдө отурганда жубайы көргөнү келет. Кароолчу аны киргизбейт. Ошол учурда Шухрат Каюмовдун “Кусалык” деген ырын колдондук. Финалда режиссердун сунушу менен кытайлык кыргыздардын “жылдыз болуп асмандан чачылдык биз, дүйнөгө ак калпакчан таанылдык биз” деген саптары бар ырын аткардык”.
“Азаттыктын” кабарчысы спектаклди барган айрым көрөрмандарга микрофон сунуп, пикирлерин сурады.
"Спектакль тарыхый даректүү документтердин негизинде даярдалганы менен өзгөчө экен. Таланттуу артисттердин аткаруусу тарыхый учурларды көз алдыбызга алып келип койгондой болду. Мен башынан аягына чейин бир дем менен көрдүм. Режиссердун эмгеги даана байкалып турат. Жусуп Абдрахмановду аябай эле идеалдаштырган эмес. Ошол эле учурда аны инсан катары ачып берген спектакль болду", - деди Оштун тургуну Феруза Амадалиева.
Дагы бир көрөрман Дилноза Тапвалдиева айрым кемчиликтерине көңүл бурду:
“Биз спектаклдерге аз барганыбыз үчүнбү же көбүнчө комедия коюлгандыктанбы, айтор “Жусуп” спектакли мен көргөн эң мыкты даректүү жана драмалык чыгарма болду. Мага аябай жакты жана тарыхка болгон кызыгууну ойготту. Жусуптун жаш кезин да, орто курагын да бир киши ойногону канчалык туура билбейм. Балким мында гриммди жакшыртыш керек беле деген ойдомун”.
“Жусуп” пьесасын сахнага алып чыгуу үчүн чыгармачыл жамаат тарыхчы Аида Кубатова, педагог-окумуштуу Миргүл Эсенгулова менен кеңешип, алардын сунуштарын да эске алышкан.
Спекталдин бет ачары 11-июнда болду. Бабур театрынын жамаатынын дээрлик 90% катышкан чыгарманы эми Кыргызстандын жети облусунда жана кошуна Өзбекстандын сахналарында көрөрмандарга тартуулоо пландалууда.
Жусуп Абдрахманов (1901 – 1938) - биринчи республиканын биринчи премьер-министри. ХХ кылымдагы эң көрүнүктүү саясий ишмер. Борбордук Азиянын саясий тагдырын аныктаган окуялардын башында турган жана кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүү процессин демилгөөчүлөрдүн бири.
Алсак, Абдрахманов 1920-жылдардын акырында 1930-жылдардын башында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук республика макамын алышына өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге жазган каттарында Кыргыз АССРин союздук республикага айлантуу зарыл экенин белгилеген. Айрым иштерде ал Сталинге ачык сын айткан.
Мамлекеттик ишмер 1930-жылдары азык-түлүк планын аткаруудан республиканы сактап калган. Бул ошол кездеги башка республикаларда болгон ачкачылыктын алдын алган. Ал Казакстанда ачарчылык өкүм сүрүп турганда Кыргызстанга ооп келгендерди сактап калган иш-аракеттери менен да белгилүү.
Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири «контрреволюциячыл жана улутчул» деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен.
Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров Жусуп Абдрахманов тууралуу толук метраждуу документалдык тасма тартып, 2019-жылы жарыкка чыгарган.
2024-жылы Кыргызстанда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда кол койгон.
Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон.