Чүй каналына түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды

Чоң-Чүй каналы. Иллюстрациялык сүрөт.

Чоң Чүй каналына секирген 23 жаштагы Миргүл Мидинованын сөөгү табылганын Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү 15-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн жардамы менен табылган.

Чүй каналына 18-20 жаштардагы кыз секирип кеткени тууралуу маалымат 10-июнда түшкөн. Бул факт сотко чейинки териштирүүгө алынып, катталган. Милиция окуя болгон жерден кыздыкы делген буюмдарды тапкан.

Милиция бул фактыга байланыштуу тийиштүү экспертизалар дайындалганын кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар.

Майдын соңунда алты жана жети жаштагы эки кыз Түп районунун Михайловка айылында Жыргалаң суусуна түшүп кеткен. Алардын сөөгү дээрлик он күндөн кийин табылган. (КЕ)

Дагы караңыз

G7 : Орусия Украинага 486 млрд доллар кенемте төлөшү керекG7: Орусиянын активдери Киев Москвадан кенемте өндүрмөйүнчө камакта болотАба ырайы: сел жүрүшү мүмкүнОрусия америкалык журналист Эван Гершковичтин сотун жабык өткөрөт