Быйылкы туристтик сезонго байланыштуу Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропортуна учак каттамы 16-июндан тарта жанданды. Бүгүн Тамчыга Ташкенттен 50 жүргүнчү учуп келди.
"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдагандай, аба каттамы аптасына үч жолу: шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Кийинчерээк жүргүнчүлөрдүн агымына жараша көбөйтүлөрү кабарланды.
Ташкент-Тамчы багытында учуу убактысы эки саат.
Туристтик сезон учурунда Ташкент-Балыкчы каттамында темир жол каттамы да жанданат. Быйылкы темир жол каттам тууралуу азырынча маалымдала элек.
Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамы биринчи жолу 2018-жылы ачылган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий мамиле оңолгону эки өлкөдө бири-бирине саякаттагандар көбөйдү.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыргыз-казакка таанымал Мурат Ауэзов менен коштошууТуу үчүн алты айлык абак. Жоробеков үй камагына чыктыБишкек эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды"Кырылып калбаш үчүн Кантка келишкен". Сүргүнгө айдалган азерилер