Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05

Бишкек эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды


II Бишкек эл аралык кинофестивалынын сыйлыгы. Июнь, 2024-жыл.
II Бишкек эл аралык кинофестивалынын сыйлыгы. Июнь, 2024-жыл.

16-июнда Бишкек Бишкек эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземи өттү. Анда эл аралык жана Борбор Азия сынактарынын жеңүүчүлөрү аталып, сыйланды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, сынактардын байгесинин суммасы - 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин коюлган.

Борбор Азия сынагында мыкты сценарий деп, режиссер Шарипа Уразбаеванын "Түл" тасмасы табылып, 300 миң сом байге утту.

Мыкты актер сынагында — "Бала асыроо" тасмасында ойногон Ерсултан Ерман. Байгеси 150 миң сом.

Мыкты актриса — Жаннат Күрүчбекова, "Белек" тасмасы. Байгеси 150 миң сом.

Мыкты режиссер— Аскат Кучинчиреков, "Бала асыроо" тасмасы. Байгеси 400 миң сом.

Баш байгеге "Белек" тасмасы татыктуу болду. Продюсерлери Гульмира Керимова, Алексей Тельнов, Дальмира Тилепбергенова, Садык Шер-Нияз, Елена Дементова. Байгеси 500 миң сом.

Эл аралык сынакта:

Мыкты оператор — Азиз Жамбакиев, "Шамбала" тасмасы. Байгеси 300 миң сом.

Мыкты актриса — Мона Хава, "Буюрса, уул болот" тасмасы. Байгеси 300 миң сом.

Мыкты режиссер — Мирлан Абдыкалыков, "Ала Качуу" тасмасы. Байгеси 400 миң сом.

Баш байгени "Түбөлүк кар уламыштары" тасмасы алды. Режиссеру Алексей Романов, продюсерлери Сардана Саввинова, Алексей Егоров. Байгеси - 500 миң сом.

Атайын сыйлыктардан: Бишкек шаар мэриясынын сыйлыгы "Бейиш эненин таманында" тасмасына ыйгарылды. Режиссеру Руслан Акун, продюсери Түгөлбай Койчиев.

Кыргызстан Кинематографистер союзунун сыйлыгы: "Кичинекей Самурай” тасмасына ыйгарылды. Режиссеру Ерлан Нурмухамбетов, продюсерлери Сано Синдзю, Шуичи Ёсимура, Асел Ержанова.

Этномедиа сыйлыгы: "Бошетунмай" тасмасына берилди. Режиссеру Амантур Ормук, продюсери Фархат Шарипов. Байгеси 100 миң сом.

Бишкек эл аралык кинофестивалы президент Садыр Жапаровдун “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана кинематографияны мамлекеттик колдоо тутумун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында мындан ары жыл сайын салт катары июнь айында өткөрүлөт.

Фестиваль Биринчи жолу 2023-жылдын 17-21-ноябрында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

Бул жолу кинофестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.

Маданий иш-чарага 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссер катышты. Анын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG