Тажикстанда белгилүү депутат кол тийбестиктен ажыратылып, камакка алынды

Саиджафар Усмонзода

Тажикстанда парламент депутаты «мамлекеттик бийликти басып алуу үчүн кутум уюштуруу аракетине катышкан» деген айып менен кармалды.

Парламент депутаты, Тажикстандын «Демократиялык партиясынын» мурдагы төрагасы Саиджафар Усмонзода Башкы прокуратуранын айыбынын негизинде камакка алынганын бүгүн 14-июнда «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

Ал өлкөдө тыюу салынган, тажик бийлигинин чет өлкөлөрдөгү сынчыларын, оппозициялык партияларды жана кыймылдарды бириктирген «Тажикстандын улуттук альянсы» бирикмеси менен кызматташкан деп да шектелүүдө.

Башкы прокурор Юсуф Рахмон парламенттин төмөнкү палатасынын кезектеги жыйынында сүйлөп жатып тергөөдө Саиджафар Усмонзода 2021-жылдын сентябрында альянстын лидерлеринин бири Шарофиддин Гадоев менен сүйлөшүү жүргүзгөнү, ал өз максатын ишке ашыруу үчүн каржылык жардам убада кылганы аныкталганын айтты.

Депутаттар Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Усмонзоданы парламенттик кол тийбестиктен жана депутаттык иммунитеттен ажыратты.

Саиджафар Усмонзода парламенттеги жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык, «Озоди» радиосунун программаларына катышып жүргөн саналуу депутаттын бири болчу. Ал эки жолу – 2013 жана 2020-жылдары өткөн президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан. Тажикстанды 30 жылдан бери бир гана киши – Эмомали Рахмон башкарып келе жатат. Эл аралык уюмдар бул өлкөдө саясий атаандаштык үчүн шарт түзүлбөгөнүн, диктатордук бийлик орногонун айтышат. (RK)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Акталгандар кимдер?Украина АКШ жана Жапония менен коопсуздук макулдашуусуна кол койду Султанбеков Кемпир-Абад иши боюнча "саясий чечим кабыл алынганын" айттыAmnesty International Кемпир-Абад иши боюнча сот чечимин кубаттады