Кемпир-Абад иши: Айыпталгандар акталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган 20дан ашуун саясатчы, активистти актады. 2022-жылдын октябрынан бери келаткан ишке чекит коюлгандай болду. Акталгандар өкүмдү "сот адилеттигинин белгиси" катары сыпаттап жатышат. Талаш-талкуу жаратып келген Кемпир-Абад иши боюнча соттун бул чечими коомдук саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Чечимдин мааниси кандай?