Фергана: Сууга байланган келечек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек аралары кесилишкен Фергана өрөөнүндө суу - экологиялык, экономикалык же социалдык эле маселе эмес, геосаясий мүнөзгө да ээ. Бул өрөөндө дарыя-өзөндөрдүн көбү үч өлкөнүн аймагын аралап өтүп, сууну биргелешип пайдалануу, бөлүштүрүү маселеси талаш-талкууга да түрткү болуп келүүдө. Климаттын өзгөрүшү, калктын санынын өсүшү жана айдоо аянттарынын кеңейиши чөлкөмдө суу тартыштыгын ого бетер күчөтүүдө. Мындай жагдай үч өлкөдөгү дыйкандардын турмушун кандай өзгөртүүдө? “Азаттык” радиосунун "Сел менен кургакчылыкка эмне себеп?" деп аталган атайын долбоорунун алгачкы чыгарылышын сунуш кылабыз.