Украина: Чабуул уланып, энергокризис тереңдеди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын бир нече облусуна, анын ичинде Киевге канаттуу ракетелардан жана дрондордон сокку урду. Бир нече кишинин жараланганы кабарланды. Ал арада Берлиндеги конференцияда украин президенти Владимир Зеленский өнөктөштөрдү өлкөнүн коргоо системасын бекемдөөгө жана согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине жардам берүүгө чакырды.