Аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт

11-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Дагы караңыз

Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча шектүүлөрдү 20 жылдан кесүүнү сурадыОшто Июнь окуясы “Энелердин көз жашы” комплексинде эскерилдиКазакстанда сот кыргыз жаранын Орусиянын өтүнүчү менен камаганы кабарланды"Эгиз төрөп бергем". Карын эне болгон Самара кантип алданды? Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жабылдыИюнь коогасына 14 жыл: саясий баа, сот иштери