Орусия Украинанын экс-премьер-министрине издөө жарыялады

Юлия Тимошенко.

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Украинанын мурдагы премьер-министри, Жогорку Раданын депутаты Юлия Тимошенкого издөө жарыялады.

Бул тууралуу РБК жана Sota маалымат агенттиктери жазышты.

Ага ылайык, Тимошенкого кылмыш иши үчүн издөө жарыяланганы тууралуу маалымат Орусия ИИМнин базасына киргизилген.

Орусиянын ИИМи буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен мурдагы президент Петро Порошенкого да издөө жарыялаган. Кийинчерээк алардын аттары мекеменин маалымат базасынан алынган.

2023-жылы декабрда Орусиянын бийлиги Украинанын башкы чалгын кызматынын башчысы Кирилл Будановго да издөө жарыялаган.

Дагы караңыз

Херсон облусунда ракета менен аткылоодон 22 адам мүрт кеткени кабарландыКемпир-Абад иши боюнча айыпталган Нурлан Асанбеков өзүн өрттөөгө аракет кылдыКошумча нарк салыгы: дары баасы кымбаттайбы? Еврокомиссия Украина менен Молдованын шаркетке кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди