Херсон облусунда ракета менен аткылоодон 22 адам мүрт кеткени кабарланды

Аткылоодон кыйраган имарат. Херсон облусу. (архив)

Херсон облусунун Орусия оккупациялап алган бөлүгүндөгү Садовое айылында 7-июндагы ракета чабуулунан 22 адам мүрт кеткенин Орусия бийлигинин өкүлү Владимир Сальдо маалымдады. Кеминде 15 адам жаракат алган. Аткаминер бул үчүн украин аскерлерин айыптап, снаряд адамдар соода кылып жаткан дүкөнгө тийгенин айтты.

Сальдо Телеграмдагы каналына бир нече адамдын үстү жабылган денеси менен зыянга учураган автоунаалардын сүрөттөрүн жарыялады. Бирок кыйраган дүкөндүн сүрөтү жок.

Маалыматты көз карандысыз булактан тактоо мүмкүн эмес.

Украин бийлиги жана аскерлери орусиялык администрациянын айыптоолорун комментарийлеген жок.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, бул аралыкта согуштан он миңдеген жай тургундар набыт болду.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Нурлан Асанбеков өзүн өрттөөгө аракет кылдыКошумча нарк салыгы: дары баасы кымбаттайбы? Еврокомиссия Украина менен Молдованын шаркетке кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди