Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Нурлан Асанбеков өзүн өрттөөгө аракет кылды

Нурлан Асанбеков сотто. (архив)

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийинчерээк саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков 8-июнга караган түндө өзүн өрттөөгө аракет кылганын укук коргоочу Азиза Абдурасулова Фейсбукка жазды. Укук коргоочунун маалыматына караганда, Асанбеков 7-июнь күнү Кемпир-Абад иши боюнча сотто өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

"Бүгүн сот убагында кусуп кыйналганынан оорукана жаткызылган эле. Эмнегедир, кечки саат 22.00до күч органдардын кызматкерлери ооруканага келишип, врачка басым жасап, чыгарып кетишти. Айласы куруган Нурлан өзүнө бензин куюп өрттөөгө даяр", - деп жазылган анда.


Асанбековду укук коргоочулар, жарандык активисттер барып, өзүнө кол салбоого үндөп, колунан бензинин алып, кийимдерин алмаштыртышкан.

Укук коргоочунун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Асанбеков милициянын кысымына чыдабасын айтып, өзүн өрттөгүсү келген.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, 2022-жылы 23-октябрда кармалган Нурлан Асанбеков ошол эле жылы 11-ноябрда саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ага сот залынан "Тез жардам" чакыртылган.

Асанбеков Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардын арасынан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, анын үйүн оңдоп иштеп жатканын, курулуш тармагында иштей турганын, саясатка тиешеси жок экенин сотто айткан.

Адвокаттары Асанбеков 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экенин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

Кошумча нарк салыгы: дары баасы кымбаттайбы? Еврокомиссия Украина менен Молдованын шаркетке кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүгө даяр экенин билдирдиМосква: Полиция чет элдиктерди текшерүүдө, ондогон мигрант кармалды