“Шоро” компаниясынын азыктары эл аралык көргөзмөнүн жеңүүчүсү болду

"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев. (1951.14.01 – 2015.16.05)

Кыргызстандын "Шоро" компаниясынын “Максым” жана “Чалап” улуттук суусундуктары Минск шаарында өтүп жаткан “Белагро-2024” эл аралык көргөзмөсүндө “Эң даамдуу” сынагында жеңүүчү деп табылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды:

"Биздин улуттук суусундуктарыбыз көргөзмөгө келген меймандардын чоң кызыгуусун жаратты. Эл даамдап, баа бергенде кыргызстандык өндүрүүчүлөр көпчүлүк добуш менен биринчиликти ээлеп, жеңишке жетишти".


"Шоро" компаниясы - Кыргызстандын тамак-аш өндүрүшүндөгү ири ишканалардын бири жана кыргыздын улуттук суусундуктарын жана минералдык сууларды өндүрүүчү лидер ишкана. Компаниянын түптөлгөнүнө 30 жылга чукулдап калды.

Компанияга "Супара" жана "Супара - Чуңкурчак" этнокомплекстери да таандык.

"Шоро" компаниясын жана этнографиялык багыттагы “Супара” комплекстерин коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, демөөрчү жана публицист Табылды Эгембердиев негиздеген. Ал 2015-жылы 64 жаш курагында дүйнө салган.(ZKo)

Дагы караңыз

Абактагы төрт журналисттин камак мөөнөтү узартылдыӨзбекстандыктарга Казакстандагы миграциялык рейддер тууралуу эскертилдиЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмаштыТергөө абагынын эки кызматкерине кылмыш иши козголду"Базар ээлери кошо айып төлөйт". Чечилбеген ККМ маселеси