Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Өзбекстандыктарга Казакстандагы миграциялык рейддер тууралуу эскертилди


Казакстандагы мыйзамсыз мигранттарды кармоо жүрүп жатат. Архивдеги сүрөт.
Казакстандагы мыйзамсыз мигранттарды кармоо жүрүп жатат. Архивдеги сүрөт.

Чет жактагы эмгек миграциясы боюнча Өзбекстандагы агенттик Казакстандагы жарандарына жапырт рейддер тууралуу эскертти.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкөнүн бардык аймактарында 3-июндан тарта миграция тармагындагы мыйзам бузууларды аныктоо максатында "Нелегал–2024" аталышындагы рейддер өткөрүлөрүн билдирген.

"Бул рейддердин жүрүшүндө өлкө аймагында эмгек миграция мыйзамдарын бузган чет элдиктерге тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп жазылат агенттик тараткан билдирүүдө.

Маалыматка караганда, өзгөчө мындай түрдөгү мыйзам бузуулар Алматы, Астана, Чымкент жана Мангыстоо облусунда көп катталат. Мындан улам агенттик өзбекстандыктарды миграция эрежелерин сактоого чакырат.

Азыркы эрежелерге ылайык, Өзбекстандын жарандары Казакстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алат. Анткен менен бул убакыт ичинде жумушка кирүүгө тыюу салынат. Ал эми кыргызстандыктар Казакстанда 90 күн каттоосуз жүрсө болот.

Казакстандын Ички иштер министрлиги 6-июнда билдиргендей, соңку үч күндө миграциялык мыйзам бузуу боюнча 5,5 миң учур катталган. Чет элдик күчтү мыйзамсыз колдонгону үчүн 380 казакстандык иш берүүчү жоопкерчиликке тартылды. 600дөн ашуун чет өлкөлүк депортацияланды. Аларга Казакстанга беш жылга кирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG