Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы жанданды

Каттамдагы "люкс" вагон.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 14-июндан тарта Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамын жандантат.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алгачкы бир айда - 14-июндан 14-июлга чейинки аралыкта поезд аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт. 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.

"Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы менен жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар. Люкс вагонунда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы, бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебеген 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом, 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом. ВИП вагондо жол кире баасы отурган жана түшкөн бекетине карабай, бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 400 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 800 сом. Кол жүгүн жеткирүү акысыз", - деп жазылган маалыматта.

Балыкчы бекетине чейинки стандарттуу вагондордо бир чоң жүргүнчүнүн жол кире акысы 150 сом, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом. Жол кире 2022-жылы кымбаттаган. Ага чейин 12 жыл катары менен 69 сом болуп келген.

Поезд Бишкек – 2 бекетинен саат 07:40та жөнөп, Балыкчы бекетине 11 саат 46 мүнөттө келет, Балыкчыдан саат 18:12де кайтып, Бишкек-2 бекетине саат 22:18де келет. Бул дем алыш күндөрү Ысык-Көлгө барып, эс алууну пландаган жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу болору кошумчаланган.

Жайкысын Ысык-Көл Кыргызстанда туристтер эң көп каттаган аймакка айланат.(ZKo)

Дагы караңыз

Төрт журналисттин абак мөөнөтү узартылдыМосквада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулдуАта-энеси өлүп, кароосуз калган үч баланы Кыргызстанга өткөрүү иштери жүрүп жататКемероводо трамвай кагышуусунан 140тан көп киши жабыркадыАКШ "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алууга тиешеси бар грузин бийлик өкүлдөрүнө санкция салды