Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет

Курман айт намазына чогулган эл. Бишкек. 28-июнь, 2024-жыл.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдагандай, быйылкы Курман айт 16-июнда белгиленет.

"7-июнь - жума күн Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь - ишемби күнү арапа, 16-июнь - жекшемби күнү Курман айт майрамы", - деп жазылган муфтияттын маалыматында.

Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык сапарга 31-майдан тарта кете баштаган.

Быйыл Орозо айт 10-апрелде белгиленген. Быйыл Орозо айт намазы коопсуздуктан улам облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулду. (ZKo)

Дагы караңыз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: саясаты чечилип, каржысы калдыбы? Казакстанда соттолгон Маркабаев Кыргызстанга которулганы кабарландыФутбол: Кыргызстан Малайзияны ута алган жок "Көлбаевге айына миллион сом берип турган". Казак ишкерине издөө жарыяланды “РСК банктын” аталышы “Элдик банк” болуп өзгөртүлдүБишкек мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына берүүнү сунуштады