Футбол: Кыргызстан Малайзияны ута алган жок

6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюнда Кыргызстан Малайзия менен 1:1 эсебинде тең ойноп, бир упай алганы менен,тайпада 10 упай менен экинчи орунга түшүп калды. 

Ушул тапта 12 упай менен Оман биринчи, 10 упай топтогон Кыргызстан экинчи орунда келатат. Малайзияда жети упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай ала элек.

Кыргызстандын атынан голду Гүлжигит Алыккулов киргизди. 

Кыргызстан Малайзия курамаларынын беттешине 20 миңге жакын көрөрман келип, стадион жык-жыйма эл болду. 

Ал эми Кыргызстан курамасынын дарбазасына автогол кирди. 

Бул беттешке Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы даярдыкты май айынын аягында баштаган. 

Дүйнө чемпионатынын 3-туруна жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна тайпадан биринчи жана экинчи орунда алган курамалар чыгат.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.