Париждеги Чынара: Кыздар, кыялыңарга жетүү үчүн талбай изденгиле

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Америкалык ырчы Николь Шерзингер, актриса Эми Жексон же белгилүү англиялык модельер Стелла Маккартни. Кыргызстандык визажист Чынара - буларды жана башка дүйнө жылдыздарынын ажарын ачып, сулуулаган чебер. Чынара Кожоева Лондондо он жылдай жашап, сулуулуктун борбору Парижге эки жыл мурун үй-бүлөсү менен көчүп келген.