Кыргызстанда Аталар күнүн белгилөө сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 15-мартты - Аталар күнү катары жыл сайын белгилөө сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Кубанычбек Самаков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Элмурза Сатыбалдиев жана Айбек Маткеримов жазган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде мыйзам долбоору үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганы жазылган.

Документ кабыл алынса Аталар күнүндө дем алыш болбойт.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. (BTo)

Дагы караңыз

Президент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштадыПарламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдодуСузакта тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча алты киши кармалды4-июнь: Канибадамда эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү киши колдуу болду, Орусия Навальныйды эскерүүдө