Улуттук банк валюта базарынан дагы 16 миллион 900 миң доллар сатып алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 5-июнда валюта базарынан дагы 16 миллион 900 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери валюта рыногунан 161 миллион 750 миң доллар сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 87 сом 54 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 87 сом 20 тыйындан сатып алынып, 88 сомдон сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

Парламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдодуСузакта тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча алты киши кармалдыПрезидент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштады4-июнь: Канибадамда эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү киши колдуу болду, Орусия Навальныйды эскерүүдө Тажикстанда бир түндө эки үй-бүлөдөн алты адам киши колдуу болгон окуя иликтенүүдө