Парламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү боюнча арызын канааттандырды.

Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди көрсөтүп, анын талапкерлигин парламентке сунуштады.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген. (BTo)

Дагы караңыз

Сузакта тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча алты киши кармалдыПрезидент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштады4-июнь: Канибадамда эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү киши колдуу болду, Орусия Навальныйды эскерүүдө Тажикстанда бир түндө эки үй-бүлөдөн алты адам киши колдуу болгон окуя иликтенүүдөГрузияда ЛГБТны чектеген мыйзам сунушталууда