Украинадагы согуш: Москвада энелер митингге чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвада согушка мобилизациялангандардын аялдары менен энелери Коргоо министрлигининин алдына нааразылык билдирип чыгышты. Чогулгандар Украинада согушуп жаткан жакындарын үйлөрүнө кайтарууну талап кылышты.

Майдын ортосунда "Би-Би-Си" менен "Медиазона" урушта орусиялык 58 жарым миң аскер каза тапканын ачык булактардан аныкташкан. Украина менен Орусиянын бийлиги өз жоготууларын чанда гана жарыялашат же андай статистиканы дээрлик чыгарышпайт.