Кыргызстанда 300дөй турак жай, коммерциялык объектинин курулушу мыйзамсыз деп табылды

Курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жалпы 277 турак жай жана коммерциялык объектинин курулушу мыйзамсыз деп табылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 4-июндагы жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Ал мыйзамсыз курулган курулуштардын коопсуздугуна кепилдик жоктугун айтты:

"Кызыл китеби менен мыйзамсыз курулган курулуштарды тартипке келтирүү зарылчылыгы бар. Анткени азыркы учурда 277 мыйзамсыз курулуштардын 90% жеке менчик жерлерге жайгашкан. Алардын коопсуздугуна эч ким жооп бере албайт. Себеби бүгүнкү мыйзамдар менен биз аларды барып, текшерүүгө да укугубуз жок. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жүзгө жакын мыйзамсыз курулуштар бар. Биз алардын баарын бузуп салалы деген ниетибиз жок. Тартипке келтирүү керек. Кызыл китеби жок курулуштарды токтотуп же алып коюп атабыз. Кызыл китеби барлар каалагандай куруп жаткандыктан, эртеңки күнү анда жашай турган адамдардын коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок болуп жатат".

Нурдан Орунтаев мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү мамлекеттик курулуш агенттигине жана жергиликтүү бийликтердин ишин жеңилдетерин кошумчалады.

Аталган комитетте Кыргызстандагы мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу максатында бир катар мыйзамдарга жана актыларга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда уруксатсыз, бейчеки салынган курулуштарды аныктап, текшерүү иштерин былтыр күздөн тарта баштаган.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 1049 протокол түзүлүп, 38 млн 504 миң сом суммасында айып пул салынган, анын ичинен 21 млн 504 миң сом өндүрүлгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

"Судья сүйлөтпөй жатат". Кемпир-Абад ишине айыптуулар сотто сурала баштадыМаданият министрлиги Жыргалаңда мамонттун сөөгү табылганын билдирдиЖалал-Абадда автоунаа коюп кеткен индиялык кыз каза болдуПакистанда мурдагы премьер-министр Ханга коюлган айыптардын бири жокко чыгарылдыПарламент комитети Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду