Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Пакистанда мурдагы премьер-министр Ханга коюлган айыптардын бири жокко чыгарылды


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистанда борбор калаа Исламабадда Жогорку сот мурдагы премьер-министр, азыркы тапта абакта отурган Имран Ханга коюлган мамлекеттик чыккынчылык тууралуу айыпты жокко чыгарды. Ошону менен катар Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынан депутат болгон Шах Махмуд Курешиге коюлган айыпты да алып салды.

Ханга жана Курешиге АКШнын Пакистандагы элчиси Исламабадга берип жиберген жашыруун документти ачыктаган деген айып тагылган.

Хан мындай айыптоону четке кагып, муну быйыл февралда өткөн шайлоого катышуусуна жол бербөө үчүн атайылап уюштурулган тоскоолдук деп атаган.

Пакистандын парламентинин төмөнкү палатасынын жаңы шайланган курамы 29-февралда ант берип, ишине киришкен. Оппозиция бир топ мыйзам бузуу менен коштолгонун айткан шайлоо 8-февралда өткөн. Бул өнөктүктүн жыйынтыгына каршы бир катар нааразылык акциялары уюштурулган.

44 партия катышкан шайлоодо көпчүлүктүн добушун ала албай калган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто-Зардари жетектеген “Пакистан элдик партиясы» жана башка бир нече майда партия менен биригип, өлкөнү башкара турган коалиция түзүп, өкмөттү жетектей баштаган.

Аталган эки партия тең 2022-жылы ошол кездеги премьер-министр Имран Ханды кызматтан кетирүүгө биргелешип катышкан.

Азыр абакта отурган мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынын колдоосуна таянган өз алдынча аттанган талапкерлер бул шайлоодо добуштардын көбүнө ээ болушкан, бирок азыраак добуш алган башка партиялар “Пакистан элдик партиясы» менен биригип, коалиция түзүп, өкмөттү куроо жана башкаруу укугун алышкан.

Коррупциядан тартып мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген Хандын партиясы шайлоо бюллетендеринен чийилип салынган.

28-февралда аталган партия Эл аралык валюта фондуна кайрылып, Пакистанга мындан аркы каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алар алдында соңку шайлоо боюнча аудит жүргүзүүгө чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG