Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылы Июнь окуясынан кийин Ошто террордук актыларды жасоого аракет кылган деп издөөдө жүргөн 40 жаштагы адам кармалганын кабарлады.
Мекеменин маалыматына ылайык, ал террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кармалган адам шериктери менен 2010-жылы Июнь окуясынан кийин Ошто террордук актыларды жасоо үчүн куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алышканы такталган.
2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин, эки адам кармалып сот жообуна тартылган. Кылмыштуу топтун дагы төрт мүчөсү, анын ичинен жакында гана кармалган адам качып кеткен.
Кийинчерээк алардын арасынан эки киши Сирияга экстремисттик-террористтик уюмдар менен согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетип, аскердик кагылышууда жок кылынганы тууралуу маалымат түшкөн. (BTo)
Дагы караңыз
Эдил Байсалов чет жактан 300 миңдей мигрант кайтканын айттыПрезидент мыйзам бузган ишкерлерди күрөө менен бошотуу долбоорун сунуштадыМуфтият Сузакта тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча кайрылуу жасадыОрусияда ири соода түйүндөрүнүн бири хакердик чабуулга кабылды Казакстан "Талибанды" тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгарды3-июнь: Баш прокурор Зулушев кызматтан кетти, Астана "Талибанды" кара тизмеден чыгарды