Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:14

Президент мыйзам бузган ишкерлерди күрөө менен бошотуу долбоорун сунуштады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров мыйзам бузган ишкерлерге Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын - электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагын колдонууну сунуштады. Бул демилге ишкерлерди камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын негизсиз колдонуудан коргоо үчүн көтөрүлүп жатканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров буга байланыштуу ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Документ Кыргызстандагы ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталганы айтылды.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Кылмыш-жаза кодексине мыйзамдуу ишкердик менен алектенгендерге тоскоолдук кылгандардын жоопкерчилигин караган берене кошуу, ушундан улам Укук бузуулар жөнүндө кодексине мындай мыйзам бузуу үчүн айып пулду 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүү сунушталууда.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин, аны менен байланышы бар делген бир нече ишкер камакка алынып, көбү кийин ар кандай жагдайда эркиндикке чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG