Эдил Байсалов чет жактан 300 миңдей мигрант кайтканын айтты

Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга азайта алганын билдирди. Бул тууралуу ал Женева шаарында эл аралык эмгек уюмунун директору Жильбер Унгбо менен жолугушканда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Эдил Байсалов COVID-19 пандемиясынан кийин Кыргызстанда жумушчу күчкө болгон суроо-талап жана эмгек акы жогорулаганын кошумчалаган.

Ошондой эле Кыргызстанда чет жактан келген мигранттардын укуктарын коргоого жана тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө көңүл бурулуп жатканын айткан.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 2024-жылдын биринчи кварталындагы маалыматы боюнча, Кыргызстандын 655 миңден ашык жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Алардын көбү Орусияда эмгектенет.

Президент Садыр Жапаров 30-майда Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканы жөнүндө кайрылуу жасап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын жазган. Мамлекет башчы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштаган жумуштарда айлык 20-30 миң сом экенин, иштин көлөмүнө жараша андан көп болорун айткан.

Коомчулукта Кыргызстанда кымбатчылык экенин, бул каражат бир айлык жашоого жетпей турганын айткандар болду. (BTo)

Дагы караңыз

Президент мыйзам бузган ишкерлерди күрөө менен бошотуу долбоорун сунуштадыМуфтият Сузакта тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча кайрылуу жасадыОрусияда ири соода түйүндөрүнүн бири хакердик чабуулга кабылды Казакстан "Талибанды" тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгарды3-июнь: Баш прокурор Зулушев кызматтан кетти, Астана "Талибанды" кара тизмеден чыгарды