Кыргызстанда 1-класска каттоонун экинчи этабы башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-2025-окуу жылына 1-класска балдарды электрондук каттоонун 2-баскычы 3-июндан тарта башталды. Бул баскычта баланы мектепке каттоо анын ата-энесинин жашаган жеринен көз карандысыз түрдө, бош орундарга жүргүзүлөт. Каттоо mektep.edu.gov.kg платформасында онлайн түрүндө 30-августка чейин жүрөт.

Баланы мектепке 1-класска электрондук каттоонун биринчи баскычы 8-апрелде башталган. Анда Кыргызстандагы мектептерге 70 миңдей бала 1-класска катталган. Экинчи этабы 3-июндан 30-августка чейин болот. Ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген.

Коомдо mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлтүккө учурап каларын айтып даттанып келишет. Өлкөдө 2 357 мектеп бар. (ZKo)

Дагы караңыз

Концлагердеги "мусулмандар" жана кыргыз коомуна чакырык Мексика тарыхында алгачкы жолу президенттик шайлоодо аял талапкер жеңдиСингапурдагы саммит: Зеленскийдин сыны, Кытайдын жообу Кыргызстанда үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат “Финдердин билим берүүсүнүн ийгилиги - мектептердин автономиясы”