Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Мексика тарыхында алгачкы жолу президенттик шайлоодо аял талапкер жеңди


Клаудия Шейнбаум.
Клаудия Шейнбаум.

Мексиканын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоодо эң көп добушту аял талапкер алды. 2-июнда өткөн шайлоонун баштапкы жыйынтыгына караганда, борбор калаа Мехиконун мурдагы мэри, азыркы президент колдогон Клаудия Шейнбаум алдыда келе жатат.

61 жаштагы Шейнбаум добуштардын дээрлик 60 пайызга жакынын алганы кабарланды. Анын талапкерлигин солчул үч партиянын, анын ичинде азыркы мамлекет башчы Андрес Мануэл Лопес Обрадордун да партиясы кирген Sigamos Haciendo Historia коалициясы көрсөткөн.

Физик окумуштуу катары таанылган Шейнбаум 2007-жылы Климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперттердин өкмөт аралык тобунун мүчөсү катары Нобелдин Тынчтык премиясын алган.

Шейнбаум азыркы президенттин саясатын улантууну убада кылган. Анын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн негизги бөлүгү кылмыштуулукка каршы күрөш болгон. Мехиконун мэри катары ал соңку отуз жылдан бери алгачкы жолу адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыштарды азайтууга жетишкен.

Бул шайлоо өнөктүгү Мексикада ондогон адам өлүмү менен коштолду. 2-июнда президенттик шайлоо менен катар бир нече штатта губернатор, миңдеген жергиликтүү депутат шайланып, талапкерлердин 36сы киши колдуу болду. (RK)

XS
SM
MD
LG