"Атамды эки айдан бери издеп жүргөнбүз"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн апта соңунда кыргызстандык жаран Украинада туткунга түшкөнү тууралуу видео интернетке жарыялангандан кийин жакындары аны таанып, эки айдан бери дайынын табалбай жүрүшкөнүн "Азаттыкка" айтып беришти. 57 жаштагы Алишер Турсунов кантип Украинадагы согушка тартылып, колго түшүп калганы белгисиз.

Мигранттар менен иш алып барган укук коргоочулар ар кандай жагдайда согушка тартылып, Украинада туткунга тушүп калган кыргызстандыктар тууралуу бир нече кайрылуулар бар экенин билдирүүдө. Кыргызстандын расмий органдары бул окуя тууралуу комментарий бере элек.