Орусия Украинанын бир катар энергетикалык объектилерине сокку урду

Иллюстрациялык сүрөт.

1-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын энергетикалык инфрастра түзүмдөрүнө кайрадан чабуул жасады.

Бул тууралуу Украинанын энергетика министри Герман Галущенко билдирди.

"Запорожье, Днепропетровск, Донецк, Кировоград жана Ивано-Франковск облустарындагы энергетикалык объектилерге чабуул жасалды. Анын кесепеттери такталууда", - деди Галущенко.

Винницк облусунун администрация башчысы Сергей Борзов критикалык инфратүзүмдөрдүн биринде өрт чыкканын билдирди. Жабыркагандар жок экени айтылды.

Түнү Украинанын дээрлик бардык аймагында абадан айгай жаңырды. Украин армиясынын Аба күчтөрүнүн маалыматында, Орусия өлкө боюнча ар кандай типтеги 53 ракета, 47 дрон учурган. 35 ракета жана 46 дрон атып түшүрүлдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуулдар тууралуу маалымат бере элек.

Дагы караңыз

Президент уулу катышты делген курулуштар тууралуу иликтөөгө жооп бердиБайден Газа секторунда ок атышууну токтотуунун жаңы планын жарыяладыПрезидент Жапаров балдардын укуктарын коргоо уланарын айттыУКМК “Хизб ут-Тахрир ал-Исламинин" алты мүчөсү кармалганын билдирди