УКМК “Хизб ут-Тахрир ал-Исламинин" алты мүчөсү кармалганын билдирди

УКМКнын имараты, архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү делген алты жактоочусу кармалганын 1-июнда билдирди. Кыргызстанда аталган уюмдун ишмердигине тыюу салынган. УКМК кармалган адамдар Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышканын, башка дагы жактоочуларды тартуу максатында үгүт иштерин жүргүзүп келишкенин кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү көп сандаган адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук сактоо каражаттары табылган. Кармалган УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалды.

УКМК Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн жарандарга кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Кыргызстанда сот тарабынан 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшул-Махди”, “Ансарул-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан “Йакын инкар” диний агымы Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Байден Газа секторунда ок атышууну токтотуунун жаңы планын жарыяладыСузакта милиция эки мектептин жана айыл өкмөтүнүн имаратында желекти өрттөгөндөрдү издеп жатат Орусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Курмашеванын абак мөөнөтүн дагы узарттыУкраина жана Орусия согуш туткундарын айырбаштады