Кытай Украина боюнча Тынчтык саммитине катышпайт

Кытай июнь айында Швейцарияда өтө турган Украинадагы согушту токтотуу конференциясына өзүнүн өкүлдөрүн жибербейт. Бул тууралуу Reuters агенттиги төрт булакка таянып жазып чыкты. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытай лидери Си Цзинпинге кайрылып, Тынчтык саммитине катышууга чакырган.

Агенттиктин маектештеринин айтымында, Бээжин мындай чечимди анын катышуусу үчүн зарыл болгон шарттар аткарылбагандыктан кабыл алган. Алардын арасында саммитке “бардык тараптардын бирдей катышуусу жана бардык сунуштарды ачык талкуулоо” үчүн Орусияны дагы, Украинаны дагы чакыруу шарты болгон. Буга чейин мындай шартты Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да айтып келген.

Швейцария чыр-чатакты чечүү үчүн “Орусия бул процесске тартылышы керек" деп эсептегени менен, Москва бул конференцияга чакырылган эмес. Владимир Зеленский мунун себебин Украина Москванын бул процессти үзгүлтүккө учуратышын каалабайт деп түшүндүрдү. Алар ортомчулар аркылуу орус өкүлдөрүн кийинки этапка тартууну пландап жатышат. Өз кезегинде Орусия Украинадан аскерлерин чыгаруу маселесин талкуулоо ниети жок болгондуктан, чакырылган күндө да жыйынга катышпай турганын билдирген.

Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, саммитке 160тан ашуун делегация чакырылган. "70тен ашуун мамлекет Тынчтык саммитине катышарын ырасташты, алардын көбү мамелекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги жетекчилер", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Bloomberg басылмасы АКШнын президенти Жо Байден шайлоо кампаниясына каражат топтоо иш-чарасынан улам Украинадагы саммитке катыша албай калышы ыктымалдыгын жазган.

Украин президенти Владмир Зеленский конференцияга Байденди дагы, Кытайдын лидери Си Цзинпинди дагы чакырган. "Сураныч, соккулар арасындагы тыныгууну эмес, тынчтыкты, чыныгы тынчтыкты жакындатуу үчүн өзүңүздүн лидерлигиңизди көрсөтүңүз", - деген ал. The Financial Times Зеленскийдин кеңсеси украин аткаминерлери үчүн Байден менен Си Цзинпинге “коомдук басымды күчөтүү” үчүн эскертме түзгөнүн белгилеген.

Украинадагы согуштуу токтотуу конференциясы Бюргенштокто 15-16-июнда болот. Зеленский Борбор Азия лидерлерин дагы саммитке чакырган.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келе жатат. БУУнун маалыматына караганда, эки жылдык согушта 10 миңден ашуун киши өлтүрүлүп, 20 миңдейи жарадар болгон. Мындан сырткары Улуттар уюму орус аскерлеринин жарандарды кармоо учурунда кыйноо, уурдоо жана ырайымсыз мамиле жасаган учурларын каттаган.

Дагы караңыз

Байден Газа секторунда ок атышууну токтотуунун жаңы планын жарыяладыСузакта милиция эки мектептин жана айыл өкмөтүнүн имаратында желекти өрттөгөндөрдү издеп жатат Орусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Курмашеванын абак мөөнөтүн дагы узарттыУкраина жана Орусия согуш туткундарын айырбаштады