Байден Газа секторунда ок атышууну токтотуунун жаңы планын жарыялады

АКШнын президенти Жо Байден. 31-май, 2024-жыл

АКШнын президенти Жо Байден Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча жаңы планды ачыктады. Ал АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобун бул сунушту кабыл алууга чакырды. Америка президентинин айтымында, Катардын ортомчулары бул сунушту ХАМАС уюмуна жеткирген.

Газада ок атышууну токтотуу планы үч этаптан турат. Биринчиси алты аптага созулуп, ок атышууну толук жана биротоло токтотууну, Израилдин аскерлерин Газа тилкесиндеги бардык калктуу аймактардан чыгарууну жана жүздөгөн палестиналык туткундарды барымтадагы бир катар израилдиктерге айырбаштоо менен бошотууну камтыйт. Өлтүрүлгөн барымтадагылардын айрымдарынын сөөктөрү да үй-бүлөлөрүнө кайтарылышы керек.

"Палестиналык жайкын тургундар Газанын бардык аймактарындагы, анын ичинен түндүктөгү да өз үйлөрүнө кайтып келишет. Гуманитардык жардам көбөйөт: Газага күн сайын 600 жүк ташуучу унаа жардам жеткирет", - деп жазган Байдендин сөзүн The Times of Israel гезити.

Экинчи этап согуштук аракеттерди биротоло токтотууну камтыйт. Бул этапта барымтада калган башка жарандар бошотулуп, израилдик аскерлер Газа тилкесинен чыгып кетишет.

"Акыры, үчүнчү этапта Газаны калыбына келтирүү боюнча масштабдуу планы башталат жана барымтадагылардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө кайтарылат", - деген Байден.

АКШ президенти Израил ар дайым коркунучтардан коргонуу укугуна ээ болорун кошумчалады.

"Эгер ХАМАС келишимде көрсөтүлгөн өзүнүн милдеттерин аткарбаса, Израил аскердик операциясын жанданта алат. Бирок Египет жана Катар ХАМАС мындай кылбаш үчүн ишти улантыша турганына ишендиришти", -деген АКШнын президенти.

Байдендин сөзүнөн кийин Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняхунун кеңсеси билдирүү таратып, Нетаняху сүйлөшүү тобунун ХАМАСка жаңы келишимдин шарттарын тааныштыруусуна уруксат бергенин билдирди. Ошол эле учурда бул Байден айткан келишимби, башкабы - белгисиз.

Египет, Катар жана башка өлкөлөрдүн ортомчулугу менен өткөн ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр бир нече жолу туңгуюкка кептелип, эки тарап тең бири-бирин жылыш болгон жок деп айыпташкан.

Дагы караңыз

Орусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Курмашеванын абак мөөнөтүн дагы узарттыСузакта милиция эки мектептин жана айыл өкмөтүнүн имаратында желекти өрттөгөндөрдү издеп жатат Украина жана Орусия согуш туткундарын айырбаштады 31-май: Журналист Капаровдун иши, экс-президент Трамптын соту, жылуулуктун, ысык суунун тарифи