Кыргызстандын ички каттамдарында санарип паспорт менен учууга уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ички каттамдарында Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспорту менен учууга уруксат берилди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун Фейсбуктагы баракчасында кабарланды.

Бул документтерин унутуп калган жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн уюштурулду.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын декабрдындагы токтомуна ылайык, Кыргызстанда электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болгон.

Жарандар "Түндүк" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу документтерди санарип форматта мамлекеттик мекемелерге, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алат.

Токтомго ылайык, паспорт, туулгандыгы тууралуу, айдоочулук күбөлүктөр жана жарандарга тиешелүү документтердин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган электрондук варианты юридикалык күчкө ээ болот.

Мурдараак президент Садыр Жапаров санариптештирүү жараянын өзү көзөмөлдөй турганын, бул боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. Ал Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирген жана маалымат бербеген мекемелердин тизмесин Фейсбукка чыгарган. Кийин мамлекеттик органдар тиешелүү тапшырмаларды аткарганы кабарланган. (ErN)

Дагы караңыз

АКШ "Вагнер" менен байланышы бар эки компанияга санкция салдыУКМК Европада теракт жасоого аракеттенген кыргызстандык кармалганын билдирдиРумын соту чуулгандуу британиялык блогердин өтүнүчүн четке кактыБШК Муртазалиев боюнча соттун чечимине каршы сотко кайрылдыГермания Украинага 500 миллион евролук аскердик жардам жөнөтөтКыргызстанда жылуулуктун жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлдү